Menu

Салык кызматы Жалал-Абад облусунан мыйзамсыз алкоголдун ири партиясы сакталган кампаны аныктады

Бөлүшүү:

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан 1,5 млн ашык сомдук 17 миң 777 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Салыкчылар рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө алкоголдук продукция мыйзамсыз сакталып жана сатылып жаткан кампаны табышкан.

Субъектте сатылуучу продукцияга карата лицензиясы жана коштомо документтери (шайкештик сертификаты, эсеп-фактуралар, товардык-транспорттук коштомо кагаздар) болгон эмес.

Ишкердик субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Салык кызматы жарандарды контрафакттык же жасалма тамекини, ошондой эле алкоголдук продукция акциздик маркасы жок же жасалма акциздик маркалар менен, тийиштүү лицензиясыз сатылган фактыларды көргөндө жергиликтүү салык органына, 116 номери же (0779) 61-31-89 (whatsapp) номери боюнча кайрылууга чакырат.

Белгилей кетсек, алкоголдук жана тамеки продукциясын мыйзамсыз өндүрүүнү жана жүгүртүүнү аныктоо иштери тынымсыз жүргүзүлүп турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: