Menu

Баткен районунун Тажикстан менен чек арасында абал салыштырмалуу турукташты                        

Бөлүшүү:

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында,Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдагы абал турукташып, жарандардын таш ыргытуулары токтогон.Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин жана эки тараптын облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү уланып жатат.  Кырдаалды Баткен жана Согди облустарынын башчылары көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 28-апрелде,буга чейинки макулдашууларга ылайык, эрте менен саат 11:30да, Баткен жана Согди облус башчылары жолуккан(башкы суу бөлүштүрүүчү жайдагы чыр чатакка чейин).

Облус башчылары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан  “Кызыл-Бел” жана “Гулистон” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларынын ортосундагы бейтарап (нейтралдуу) аймакта,(чатырда) жолукту.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода баштаган эки тараптуу делегациянын курамында, Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун, Согди облусунун Гафуров жана Исфара райондорунун башчылары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана эки тараптын Кадастр ишканасынын, Суу чарба башкармалыктарынын  жетекчилери болду.

Баткен жана Согди облустарынын чек арасындагы маселелерди буга чейинки эки тараптын чек араларды делимитациялоо боюнча Өкмөттүк комиссиясынын протоколдоруна ылайык жүргүзүү керектиги дагы бир ирет баса белгиленди.

Аны менен катар ар бир чек аралаш райондо жумушчу топ түзүү, бир жума аралыгында аймактагы чек арага байланышкан көйгөйлөрдү иликтөө  тапшырмасы берилди. Жумушчу топтордун ишинин жыйынтыгы, облус башчыларынын жолугушуусунда каралмай болду. Эки облус жетекчиси 15 күн сайын жолугуп, чек арадагы маселелерди чечүү макулдашылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өмүрбек Суваналиев менен Раджоббой Ахмадзода чектеш аймактардагы элдин коопсуздугун сактоо, чыр чатактарга жол бербөө боюнча биргеликте иш алып баруу боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине тапшырмаларды беришти.

Ошондой эле облус жетекчилери, жергиликтүү эл арасында пикир келишпестиктердин алдын алуу максатында, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, элдердин ынтымагын бекемдөө, карым катнашын чыңдоого багытталган иш чаралардын үстүндө иш алып баруу учур талабы экенин белгилешти.

Белгилей кетсек, облус башчылары облустар аралык алаканы жандантуу, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү үчүн, Баткен жана Согди облустарынын ортосунда кол коюлган 10пункттан турган кызматташуу протоколун ишке ашыруу үчүн Баткен жана Согди облустарынын чек арасында жайгашкан чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларын ачуу  маселесин тездетүү боюнча, эки мамлекеттин Өкмөт башчыларына сунуштарды берүүнү да сүйлөшүштү.                                                 

Жолугушуунун соңунда Баткен жана Исфара райондорунун акимдери “Ак-Суу” дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын (головной)айланасындагы маселелерди жеринде чечүү  үчүн,облус башчыларынын тапшырмасы менен аймакка барышкан.Бирок эки район башчылары бир пикирге келе алышкан эмес.Ага Баткен жана Согди облустарынын башчыларынын  Кыргызстандын аймагында жайгашкан электр мамычаларына тажик тараптан орнотулган видео камераларды алуу боюнча тапшырмасын Тажикстандын Исфара районунун  акими Баховидин Баходирзода аткаруудан баш тартканы себеп болгон .Ал эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин да сунуш пикирлерине макул болбой, натыйжада пикир келишпестиктер жаралып,жарандардын таш ыргытуусуна жетип, чыр чатак орун алган.Исфара районунун акиминин мындай мамилесинин себеби азырынча белгисиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: