Menu

Түркмөн бийлиги азык-түлүк үчүн кезекте тургандарды «жашырууга» аракет кылууда

Бөлүшүү:

Түркмөнабад облусундагы Лебап районунун бийлиги мамлекеттик дүкөндөрдүн алдындагы узун кезектерди жасалма жол менен жоюуга аракет кылууда.

Жергиликтүү бийликтин чечими менен дүкөндөрдүн алдына төрткө чейин гана кишинин кезекте туруусуна уруксат берилди. Калган жарандар кезегин коңшу үйлөрдүн кире бериштеринде күтүп турууга аргасыз болууда.

Эки жума мурда өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухаммедов элге Ашхабад шаарындагы дүкөндөрдүн алдына чогулууга тыюу салып, узун кезектер атасынын «кадырын кетирип жатканын» билдирген.

Жаңы эрежелерге ылайык, эми баш калаа тургундары алдын ала каттоого туруп, сатуучу телефон чалгандан кийин гана дүкөндөргө бара алышат.

Түркмөнстанда бир нече жылдан бери уланып жаткан экономикалык каатчылык, ошондой эле улуттук валютанын көмүскө базардагы кунунун арзандашы калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн төмөндөттү. Мындан улам азык-түлүктү базар жана жеке соода жайларынан сатып алууга каражаты жетпеген жарандар көбөйүп, баалар арзаныраак болгон мамлекеттик дүкөндөрдүн алдында узун кезектер жаралууда.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: