Menu

Кыргызстан менен Ага Хан уюмунун өз ара аракеттенүүсүнүн келечектүү багыттары талкууланды

Бөлүшүү:

Кечээ, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун (АКДН) Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Башчысы Шамш Кассим-Лакха менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен АКДНдин кызматташуу маселелери жана өз ара аракеттенүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары, тактап айтканда социалдык-экономикалык чөйрөдөгү, билим берүү, саламаттык сактоо, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жаатындагымаселелер талкууланды.

Тараптар бири-бирин ушул жылы Кыргыз Республикасы менен Исмаилиттер имаматынын ортосундагы Өнүктүрүү боюнча кызматташтык келишимине кол коюлгандыгынын, ошондой эле KICB банкынын ачылышынын 20 жылдыгынабайланыштуу куттукташты.

Мындан тышкары, Министр Р.Казакбаев Өкүлчүлүктүн Башчысын Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин (БАУ) биринчи бүтүрүүчүлөрүнүн чыгышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы БАУнун ишине өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын баса белгиледи жана бул университет келечекте региондогу гуманитардык жана так илимдер жаатындагы алдыңкы билим берүү мекемелеринин бири болуп, ошондой эле жарандардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүп бере тургандыгына үмүт артарын билдирди.Учурдан пайдаланып Ш.Касим-Лакха өлкө жетекчилигин студенттердин бүтүрүү кечесине катышууга чакырды.

АКДН тарабынан жүзөгө ашырылган программалар тоолуу аймактарды өнүктүрүүнү колдоого багытталып, республиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты болгондугу белгиленди.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун долбоорлору жана программалары мындан ары да Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө өз салымын кошот деп ишене тургандыгын белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: