Menu

Кыргыз-тажик чек ара чыры: Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун көзүнө ок тийди

Бөлүшүү:

Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийди. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, бүгүн таңкы саат 5:45 чамасында Тажикстан тараптан Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүн көздөй ок атылган. Атылган октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы жергиликтүү тургуну жаракат алып, жергиликтүү ооруканага жеткирилген.

Мындан тышкары, Ош – Исфана жолунун боюнда жайгашкан Майский айылынын (Тажикстан) жанынан өтүп бара жаткан унааларга таш ыргытылып баштаган.

Аталган факты Баткен РИИБнин Кылмыш жана жазыктарды каттоо реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишке алынган.

Учурда тургундардын коопсуздугун сактап, абалды турукташтыруу максатында аймактык милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Белгилей кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылында кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыккан.

Ак-Сай айылында жайгашкан Ак-Суу дарыясындагы башкы суу бөлүштүрүүчү жайда жарыктандыруу үчүн коюлган мамычага тажик жарандары тарабынан видео көзөмөл орнотулган. Видео көзөмөлдү экинчи мамычага да орнотуп жатканда кыргыз чек арачылары аларды токтотушкан. Бул  боюнча эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп жаткан маалда Тажикстан тараптан ок атылган. Бактыга жараша эч ким жарадар болгон эмес.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: