Бүгүн, 29-апрелге карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 345 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 224, Ош – 5, Чүй облусунан – 77, Ош облусунан – 9, Талас облусунан – 2, Нарын облусунан – 9, Ысык-Көл облусунан – 18, Баткен облусунан – 1. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 94 944 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 265 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 88 923кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 166, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 75, Ош облусунан – 2, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 14, Жалал-Абад облусунан – 2, Баткен облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 6. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1598ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ