Menu

Баткендин үч айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Бөлүшүү:

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан улам Баткен районунун үч айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-апрелден тарта Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындай чечим Баткен районунун акими тарабынан кабыл алынган. Учурда тургундар эвакуацияланып жатат.

Белгилей кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылында кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыккан.

Маалымат боюнча, кечээ саат 11:00 чамасында Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясынын боюнан тажик жарандары экскаватор жана «КамАЗ» менен шагыл алып кеткен. Ал эми саат 11:30 чамасында Ак-Сай айылында жайгашкан Ак-Суу дарыясындагы башкы суу бөлүштүрүүчү жайда жарыктандыруу үчүн коюлган мамычага тажик жарандары тарабынан видео көзөмөл орнотулган. Видео көзөмөлдү экинчи мамычага да орнотуп жатканда кыргыз чек арачылары аларды токтотушкан. Бул  боюнча эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп жаткан маалда Тажикстан тараптан ок атылган. Бактыга жараша эч ким жарадар болгон эмес.

Бүгүн таңында Тажикстан тараптан Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүн көздөй ок атылган. Ошондой эле, Ош – Исфана жолунун боюнда жайгашкан Майский айылынын (Тажикстан) жанынан өтүп бара жаткан унааларга таш ыргытылып баштаган. Чырдан улам 4 кыргызстандык жарадар болгон. Ок жеген жарандын учурда абалы оор.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: