Menu

Турдакун Усубалиев “Суу алтындан да кымбат” китебинде “Кемпир-Абад” тууралуу эмнелерди жазган?

Бөлүшүү:

Кыргызстан дайыма Өзбекстан менен жолугушууга даяр болду, өзбек элинин бир да өтүнүчүн кыргыздар көз жаздымда калтырган жок. Буга Токтогул ГЭСинин курулушу сыяктуу көптөгөн мисалдарды келтирсек болот. Бирок Кыргызстандын түздөн-түз катышуусу менен чечилген маселелердин бир-экөөсүн гана атайлы.

1962-жылдын августу эске түшөт. Биз Өзбекстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Шараф Рашидов, Өзбекстан Министрлер Советинин жана Жогорку Советинин Президимунун төрагалары кол койгон кат алдык. Анда:

«Кара-Дарыяны тосуп, агымын жөнгө салуу керек. Болбосо, Өзбекстандын Фергана өрөөнүндөгү пахта талааларын суу менен жетиштүү деңгээлде камсыздоо, бул өсүмдүктөн пландалган түшүм алуу мүмкүн эмес. Өлкөнүн негизги пахта өстүрүүчү району болгон Өзбекстан Борбор Азияда көп кайталанган суунун аздыгынын жана кургакчылыктын зыяндуу кесепетинин кучагында калуу ыктымалы жаралууда. Мунун баары Кыргызстандын Өзгөн районундагы Кемпир-Абад (алдыда Анжиян деп берилет – Т.У.) суу сактагычынын курулушун баштоо зарылдыгын далилдейт. Боордош кыргыз элинен, бийлигинен макулдук берүүсүн суранабыз. Суу сактагыч Өзбекстанга эле эмес, Кыргызстанга да ири өлчөмдөгү экономикалык пайда келтирет», — деп жазылыптыр.

Биз Өзбекстан жетекчилеринин бул сунушу боюнча көп жолу ойлонуп, талкуу кылдык. Ачыгын айтсам, макулдук берүү оңой болгон жок.

Чындыгында, өлкө аймагында ири суу сактагычтын курулушу биз үчүн жаңы жоготууларга алып келди. Өзгөн районунун 5 миң гектардан ашык түшүм мол алынган айдоо жерлери Кемпир-Абад суу сактагычынын астында калды. Бул айдоо жерлер жүгөрү жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн колдонулган. Ошондой эле көптөгөн айылдарды жаңы конуштарга көчүрүп, алардын жакшы жашап кетүүсү үчүн кам көрүүгө, үйлөрдү, мектептерди, ооруканаларды, маданий, тиричилик жана өндүрүш объекттерин курууга туура келди. Бул көйгөйдүн чечилиши да чоң кыйынчылыктар менен коштолду.

Бардык кыйынчылыктарга карабастан, көчүрүлө турчу конуштардын жашоочулары менен кеңешип, өзбек жана кыргыз элинин достугун чыңдоо максатында боордош өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алган биздин өкмөт Кемпир-Абад суу сактагычынын курулушуна макулдук берди.

1962-жылы 13-сентябрда мындан 33 жыл мурда кабыл алынган документтен үзүндү келтирели: «Өзбекстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин, Өзбек ССР Жогорку Советинин Президиумунун жана Министрлер Советинин Кыргыз ССРинин Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычын куруу боюнча сунуштарын колдоо жөнүндө» Токтом кабыл алынды.

  • Бул документте төмөнкүлөр жазылды: «Боордош Өзбекстанда пахта өндүрүүнү мындан ары көбөйтүү үчүн Кемпир-Абад суу сактагычынын курулушуна чоң улуттук экономикалык маани берип, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин бюросу жана Кыргыз ССР Министрлер Совети токтом кылышты: Кемпир-Абад суу сактагычын куруу жөнүндө Өзбекстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин, Өзбек ССР Жогорку Советинин Президиумунун жана Министрлер Советинин сунушуна макулдук берүү. Өзбекстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин, Өзбек ССР Жогорку Советинин Президиумунун жана Министрлер Советинин билдирүүсүн эске алып, сыйымдуулугу 1750 миллион куб Кемпир-Абад суу сактагычынын пайдаланууга берилиши менен Кыргыз ССРинин сугат жерлерин суу менен камсыз кылуу 100 миң гектар аянтка көбөйтүлөт».

Андан кийин 1965-жылы 11-декабрда Кыргыз ССР Министрлер Совети менен Өзбек ССР Министрлер Совети биргелешкен токтом кабыл алды.

Бул документте Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынан 58 миң гектар жерди, анын ичинен 8 миң гектар жаңы сугат жерди сугаруу укугун алары дагы бир жолу тастыкталды.

Өзбек ССРи Кыргызстандагы 20 миң гектар жерди сугат суусу менен камсыз кылып, сол жээктеги Кемпир-Абад каналынын долбоорун түзүп, курууну өз жоопкерчилигине алды. Ошондой эле дагы бир нерсе эске түшөт. Жалпысынан Ош облусунун аймагында Өзбекстандын Керки-Дөң, Касан-Сай, Анжиян суу сактагычы сыяктуу ири суу чарба обьектилери жана Токтогул ГЭСин, Керки-Дөң, Ала-Бука сыяктуу магистралдык каналдарды куруу үчүн 42,5 миң гектар айыл чарба жерлери жана 18 миң гектардан ашык сугат жерлери бөлүнгөн.

Кыргызстандын курулуш үчүн колдонулган жерлеринин ордун толтуруу жана 126 миң гектардан ашык сугат аянттарын суу менен камсыздоону көбөйтүү, негизинен Өзбекстанда жана жарым-жартылай Кыргызстанда, Өзбекстандын күчтөрү жана каражаттары менен Сох суу сактагычын куруу каралган. Бул суу сактагыч Ош облусунун Фрунзе районундагы Бүргөндү массивиндеги 8 миң гектардан ашык жаңы сугат жердин өздөштүрүлүшүн камсыз кылышы керек болчу. Эки мамлекеттин биргелешкен токтомунда эки өлкөдө болгон миңдеген гектар сугат жерлеринин суу менен камсыз болушун жогорулатууга багытталган башка көптөгөн чаралар каралган эле.

Жогорудагы токтом кабыл алынгандан бери нечендеген суулар акты. Анжиян суу сактагычы бат эле курулуп, 1970-жылдары пайдаланууга берилди. Ал Өзбекстандын талааларына жыл сайын миллиарддаган долларлык пайда келтирүүдө. Ал эми эки өлкө бийлигинин Кыргызстан үчүн бир катар суу чарба объектилерин курууну караган бөлүгүнө келсек, кагаз жүзүндө гана калды.

Сол жээктеги Кемпир-Абад каналынын техникалык долбоору 1977-жылы, ал эми Сох суу сактагычыныкы 1981-жылы бүткөрүлгөн. Эки объекттин тең курулушу баштала элек. Тилекке каршы, Өзбек ССРи Кыргызстандын алдындагы милдеттенмелерин аткарган жок. 1970-1980-жылдары Өзбекстандын жетекчилери аталган суу чарба объектилерин долбоорлоонун жана куруунун узак убакытка созулуп кетишинин себептерин материалдык-финансылык ресурстардын жетишсиздиги менен түшүндүрүшкөн. Кыргызстан алардын жоопторун түшүнүү менен кабыл алып, убада кылынганды чыдамдуулук менен күттү, бирок Союздун кулашы биздин узак мөөнөттүү күтүүлөрүбүздүн аягына чекит койду.

Эки мамлекеттин эгемендүүлүк жылдарынан бери биздин дарыяларыбыздын суу ресурстарын республикалар аралык пайдаланууда мыйзамсыз, анча жакшы эмес коңшулук мамилелер калыптанган. Анжиян суу сактагычында долбоорго караганда көбүрөөк суу топтолгону айдан ачык. Натыйжада, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунун жакынкы айылдарында жер астындагы суулардын деңгээли көтөрүлүп, үйлөрдү ным басып, курулган имараттар талкаланып жатат. Буга бир жагынан эки тараптын токтомунда каралган сол жээктеги көп чакырымдык Кампыр-Рават каналы курулбай калгандыгы себеп болду.

Өзбекстандын суу чарба уюмдары кыргыз калктуу конуштарынын турмуштук кызыкчылыктарын эске албай, Кара-Дарыяга агып өтүүчү дамбаларды куруп жатышат, бул да адамдарга чоң кыйынчылыктарды жаратууда. Толгон мезгилде Анжиян суу сактагычынын суусу кыргыз тараптагы Кара-Дарыя суусунун жээгин жууп кетет. Кыскасы, суу сактагычка жана Кара-Дарыяга жакын жайгашкан Кара-Суу, Куршаб жана Сузак айылдарынын тургундары акыркы жылдары айласыз абалда калышууда.

Алар бат-баттан чогулуп, Анжиян суу сактагычынын курулушуна макулдук берген «күнөөкөрлөрдү» издеп, баштарынан өткөн кыйын кырдаалдан кантип чыгуу керек деген суроону талкуулашат. Алар «Азаттык» радиосу аркылуу бүтүндөй түрк тилдүү дүйнө жүзүнө бир эмес, бир нече ирет алардын учурдагы кыйын кырдаалда калуусунун башкы күнөөкөрү Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Т. Усубалиев экенин, Анжиян суу сактагычы үчүн Өзгөндүн миңдеген гектар жерлерин берип, бул үчүн ал өзбек лидерлеринен 11 миллион рубль өлчөмүндө пара алган деген билдирүү менен чыгышты. Анын жоопко тартуу керектигин айтышты.

Бул албетте болбогон кеп. Бирок мен аларга таарынган жокмун, анткени адамдар айласыз абалда калганда, ар кандай нерсени айта беришет. Аларды бул үчүн кечирип коюу керек.

Ошол эле учурда биз мындай орунсуз айыптоолордун себебин түшүнүшүбүз керек. Алар акыркы жылдарда биздин калкыбыздын ортосунда кылымдар бою болуп келген жылуу мамилелер, бири-бирине болгон колдоонун бузулушунан келип чыгууда. Биздин калк бир географиялык мейкиндикте жашаганын унута баштадык. Кудай өзү бизге элдер бири-биринен алыстап кетпеши керектигин, жерибиздин бай жаратылыш байлыктарынан өз ара натыйжалуу пайдаланууну буйруган.

Кыргыз жана өзбек элинин ортосундагы мамилелердин тарыхынан бир укмуштуу факт эсиме түшөт. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында Жогорку Советти башкаргандар: Өзбекстанда — Ахунбабаев, ал эми Кыргызстанда – Орозбеков болгон. Экөө тең Фергана өрөөнүнүн жогорку агымынан, дыйкан үй-бүлөлөрдөн. Алар эң жакын достор болгон. Бир жолу Фергана өрөөнүндө жай мезгилинде алар Шахимарданда — Кыргызстандын эң кооз тоолуу курорттук аймагында, Орозбековдун туулуп өскөн Охна айылынан алыс эмес жерде (азыркы Орозбеково деп аталган) жолугушту. Анан Ахунбабаев өтүнүч менен Орозбековго кайрылды: «Досум, билесиңби, өзбектер ысыкта акактап турушат. А силерде ушунчалык кооз жерлер бар, тоолордун салкындыгынан ырахат аласың. Шахимарданды өзбек элине биздин достугубуз үчүн берсең болбойбу?» Ага Орозбеков: «Досумдун өтүнүчүнөн баш тартпайм», — деп жооп берген. «Силерге Шахимарданды белек кылалы, өзбек досторубуз ушул жерде эс алышсын. Мындай жерлер Кыргызстанда көп, алар бизде жетиштүү».

Сөздүн арты иш жүзүнө өттү. Шахимардан Өзбекстанга эч кандай документсиз, достук маанайда өткөрүлүп берилген.

Эгер Кыргызстандын географиялык картасын карасаңыз, анда башка түскө боёлгон кичинекей тегерек бар. Бул тегерек менен Шахимардан белгиленген жана бул Шахимардан Өзбекстанга таандык экенин билдирет. Андан бери 60 жылдан ашуун убакыт өттү. Шахимардан Өзбек калкынын сүйүктүү эс алуу жайларынын бири болуп келет. Өзбекстандын малчылары 1950-жылдардан бери Кыргызстандын Алай, Чаткал жана башка жайыттарынын 1 миллион гектарга жакын жерин эч кандай акы төлөбөстөн пайдаланылып келе жатат.

Т. Усубалиев. Суу алтындан да кымбат, Бишкек 1998, 147-151 б.

Т.У. Усубалиев. Вода — дороже злата. Водные ресурсы Кыргызстана — это его национальное богатство. Бишкек 1998. — Общественный Фонд Т. Усубалиева

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: