Menu

Жайыл районунда 13 ирээт кылмыш жоопкерчилигине тартылган аял жарандык никедеги күйөөсүнүн 5700 долларын уурдап кеткен

Бөлүшүү:

Жайыл районунда жарандык никедеги жолдошунун акча каражаттарын уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 13-апрель күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу 1982-жылы туулган М.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, жарандык никеде жашаган аялы жаш балдарын таштап, 5700 АКШ долларын уурдап белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүу реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштери учурунда, арыздануучу жарандык никедеги аялы менен үч жылдай жашап эки балалуу болушкан. Ал аялынын аты жөнүнөн башка анын туугандары жана өзү тууралуу эч кандай маалыматтарды билбей турганы аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында ал аял күйөөсүнө чет мамлекеттердин бирине кетип жатканы тууралуу видео кайрылуу жөнөткөндүгү маалым болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы аялдын жүргөн жерин аныктоо боюнча бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында ал аял жарандык никедеги күйөөсүнө башка ат менен таанышып жашап жүргөнү такталып, анын чыныгы аты жөнү аныкталган. Ал 1989-жылы туулган К.А. аттуу аял экендиги ал буга чейин 13 ирээт кылмыш жоопкерчилигине
тартылып, Ысык-Көл облустук ИИБы тарабынан ага карата издөөдө жарыялангандыгы такталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы аял кармалып, Жайыл РИИБдүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон териштирүү иштери жүргүзүлгөн соң материал сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: