Menu

Баткен ОИИБи: Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагында милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн таңкы маалда Көк-таш айылынын борборунда тажик тарап курал колдонгон. Азыркы учурда милиция кызматкерлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн чечими менен үй айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Тажикстан менен чектешкен чек арада чыңалуу бар.

Бүгүн, 29-апрель күнү эрте менен саат 05.45 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө Тажикстандын жарандары тарабынан ок атуучу курал менен октор атылып, ошол айыл аркылуу өтүүчү жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаган. Бул фактылар  Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) жана 39/130-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишке алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: