Menu

Баткенде жергиликтүү бийлик чек аралаш аймакта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Бөлүшүү:

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш аймагында орун алган кырдаалга байланыштуу чек аралаш аймактын тургундарына түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди

Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода, бүгүн 29-апрелде чек арадагы абал боюнча эки ирет телефон аркылуу, кырдаалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүштү. 

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен, өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен районунун акими Акылбек Орозовдор, чек арада топтолгон жарандар менен жолугуп, жаралган бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн, бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтып, элге кырдаалды курчутпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. 

Жетекчилер абал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экенин айтып, элди үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырып жатышат. 

Аймакта эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да жолугуп, сүйлөшүүдө. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: