Menu

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылып жатканы кабарланды

Бөлүшүү:

Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында ушу тапта кайрадан ок атылып, эки адам ооруканага жеткирилгенин “Эркин Европа” радиосунун кабарчысы жеринен билдирди. Ал ок тынымсыз атылып жатканын саат 14:10дө маалымдады.

Буга чейин төрт кыргызстандык жараат алып, ооруканага түшкөн. Тажикстандын чек ара мекемеси жети жаранына таш тийгенин билдирген.

28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болгон.

29-апрелде жергиликтүү бийлик Баткен районуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарын күчөтүлгөн тартипке өткөрдү жана Ак-Сайдын Көк-Таш айылынын айрым тургундарын Баткен шаарына чыгарып кетти.

Коңшу өлкөнүн чек ара мекемеси “Головной” толугу бойдон Тажикстанга таандык экенин, чырды кыргыз тарап баштаганын билдирди.

Кыргызстандын чек ара мекемеси тажик тараптын бул билдирүүсүн четке кагып, алар чек арадагы чыныгы абал тууралуу маалыматты бурмалап, абалды курчутуп жатканын айтты.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: