Menu

Ооган түрмөлөрүндө Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган 60тан ашык ИМ жоочусу камакта отурат

Бөлүшүү:

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү өлкө абактарында «Ислам мамлекети» террордук тобунун 408 чет өлкөлүк мүчөсү камакта отурганын билдирди. Алардын 60тан ашыгы Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары.

Ооганстандын Улуттук коопсуздук башкармалыгынын (NDS) жетекчиси Ахмад Зия Сираж камактагылардын 173үн аялдар менен балдар түзөрүн билдирди.

Анын айтымында, жоочулардын арасында Пакистандын 299, Өзбекстандын 37, Тажикстандын 13, Кыргызстандын 12, Орусиянын беш, Кытайдын 16, Иорданиянын беш, Ирандын төрт, Түркиянын үч, Индонезиянын беш, Индиянын төрт, Бангладештин эки, Мальдивдин эки жана Алжирдин бир жараны бар.

Сираж учурда ооган тарап абактагы жарандар тууралуу бул өлкөлөрдүн тиешелүү бийлик органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Ооганстанда «Ислам мамлекети» — «Хорасан вилаяты» провинциясы түзүлгөнү тууралуу 2015-жылы январда жарыяланган. Андан бери ИМдин ооган бөлүгү Нангархар жана Кунар провинцияларында өзүнүн куралдуу базалары менен лагерлерин түзүшкөн. Бул топ жүздөгөн кишинин өмүрүн алган Кабулдагы жана Ооганстандын башка шаарларындагы бир нече террордук актылар үчүн жоопкерчилик алган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: