Menu

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда жабыркаган кыргызстандыктардын саны 8ге жетти

Бөлүшүү:

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда дагы төрт жаран жабыркап, тез жардам унаасы менен Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлайт.

“Баткен облустук бириккен ооруканасынын башкы дарыгери Азизбек Жунусовдун алдын ала маалыматы боюнча, саат 14:30да тез жардам унаасы менен 4 жабырлануучуну жеткирилген. Азыр алардын алган жаракаттарынын оордугу аныкталууда. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет», – деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин төрт жабырлануучу медициналык жардамга кайрылышкан. Анын ичинен Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийген. Анын абалы орто оор деп бааланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: