Menu

ӨКМ министри Бообек Ажикеев Баткен облусундагы Ак-Сай айыл өкмөтүнө жөнөп кетти

Бөлүшүү:

Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылындагы чек-ара маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыр чатактардын күч алганынан байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жерине жөнөп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, ӨКМдин Баткенге караштуу Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан куткаруучулары учурда Ак-Сай айылында.

Белгилей кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылында кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыккан.

Маалымат боюнча, кечээ саат 11:00 чамасында Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясынын боюнан тажик жарандары экскаватор жана «КамАЗ» менен шагыл алып кеткен. Ал эми саат 11:30 чамасында Ак-Сай айылында жайгашкан Ак-Суу дарыясындагы башкы суу бөлүштүрүүчү жайда жарыктандыруу үчүн коюлган мамычага тажик жарандары тарабынан видео көзөмөл орнотулган. Видео көзөмөлдү экинчи мамычага да орнотуп жатканда кыргыз чек арачылары аларды токтотушкан. Бул  боюнча эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп жаткан маалда Тажикстан тараптан ок атылган. Бактыга жараша эч ким жарадар болгон эмес.

Бүгүн таңында Тажикстан тараптан Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүн көздөй ок атылган. Ошондой эле, Ош – Исфана жолунун боюнда жайгашкан Майский айылынын (Тажикстан) жанынан өтүп бара жаткан унааларга таш ыргытылып баштаган. Чырдан улам 4 кыргызстандык жарадар болгон. Ок жеген жарандын учурда абалы орточо оор.

Баткенде, түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылганы айтылды.

Чек арадагы чырдан улам дагы 4 кыргыз жаран жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда алардын алган жаракаттарынын оордугу аныкталууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: