Menu

КР Чек ара кызматы: Баткенде ок атышууну тажик тарап баштады

Бөлүшүү:

Тажик тарап мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде атайылап жаңжал чыгарып, кырдаалды курчутууну улантууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

29-апрелде Баткен районундагы «Головной» суу тосмосунда абал курчуду. Тараптардын аскерлеринин ортосунда ок атышуу башталды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, тажик тарап минометторду орнотуп жатат.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле чек ара аймактарындагы укук бузууларды алдын алуу максатында, Баткен облусунда жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатышат.

Ошол эле учурда, кыргыз-тажик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.

КР Чек ара кызматы тажик кесиптештерин абалды турукташтыруу үчүн бардык аракеттерди көрүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылында кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыккан.

Маалымат боюнча, кечээ саат 11:00 чамасында Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясынын боюнан тажик жарандары экскаватор жана «КамАЗ» менен шагыл алып кеткен. Ал эми саат 11:30 чамасында Ак-Сай айылында жайгашкан Ак-Суу дарыясындагы башкы суу бөлүштүрүүчү жайда жарыктандыруу үчүн коюлган мамычага тажик жарандары тарабынан видео көзөмөл орнотулган. Видео көзөмөлдү экинчи мамычага да орнотуп жатканда кыргыз чек арачылары аларды токтотушкан. Бул  боюнча эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп жаткан маалда Тажикстан тараптан ок атылган. Бактыга жараша эч ким жарадар болгон эмес.

Бүгүн таңында Тажикстан тараптан Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүн көздөй ок атылган. Ошондой эле, Ош – Исфана жолунун боюнда жайгашкан Майский айылынын (Тажикстан) жанынан өтүп бара жаткан унааларга таш ыргытылып баштаган. Чырдан улам 4 кыргызстандык жарадар болгон. Ок жеген жарандын учурда абалы орточо оор.

Баткенде, түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылганы айтылды.

Чек арадагы чырдан улам дагы 4 кыргыз жаран жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда алардын алган жаракаттарынын оордугу аныкталууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: