Menu

Кыргыз-тажик чек ара чыры: Жалпысынан 11 жаран жаракат алып, анын ичинен 7сү ок жеди

Бөлүшүү:

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркагандардын саны 11 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматтарга ылайык, жаракат алган 11 жарандын ичинен бирөөсү амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. 

Самаркандек айылындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборуна 2 адам, дагы бир адам Лейлектеги жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жаткырылган. Акыркысы октон жаракат алган, учурда абалы орто оор.

Октон жаракат алган жети жаран Баткен облустук бириккен ооруканасына жаткырылды. Алардын үчөөнүн абалы орто оор, төртөөсүнүкү туруктуу оор деп бааланып, жабырлануучулардын экөөсү операция жасоого жөнөтүлдү. Ош шаарынан беш адистен турган топ Баткенге жөнөп кетти.

Ошондой эле, министрдин орун басары Жалалидин Рахматуллаев баштаган тогуз адис Бишкектен жөнөп кетүүгө камданып жатышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: