Menu

Премьер-министр Улукбек Марипов жана Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулады

Бөлүшүү:

Казань шаарында (Россия Федерациясы, Татарстан Республикасы) жумушчу сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын абалы жана келечегинин маселелерин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөт башчысы Улукбек Марипов белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына алгачкы сапары стратегиялык өнөктөштүктүн салттуу жогорку динамикасына жаңы дем берди.

«Россиялык тарапка «Спутник V»  россиялык вакцинасынын биринчи партиясын гранттык негизде бергендиги үчүн ыраазычылык билдирем. 2021-жылдын 1-апрелинен тарта биздин өлкө «COVID-19суз саякаттайм» тутумуна расмий кошулду».

COVID-19 пандемиясы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Кайчылаш жылы алкагында пландаштырылган иш-чараларды ишке ашырууга өз түзөтүүлөрүн киргизгендигин эске алуу менен, Премьер-министр Улукбек Марипов Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустинди 2021-жылдын күз мезгилинде Бишкек шаарында өтүүчү Кайчылаш жылды жабуунун салтанаттуу аземине катышуу үчүн Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: