Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Баткен ОИИБдин жана ИИМдин Ички аскерлеринин аскер бөлүгүнүн өздүк курамын түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча координациялоо үчүн Баткен облусуна барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жеринде Баткен ОИИБдин начальниги, ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы, андан сырткары облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, ички аскерлердин курамы жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте коомдук тартипти күчөтүлгөн тартипте камсыздап жатышат.
Милиция кызматкерлери тарабынан блок посттор коюлуп, арага чектеш райондордогу жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери
жүргүзүлүүдө. Андан сырткары, жарандарды коопсуз райондорго жеткирүү иштери жүрүүдө.
Абал чыңалуу бойдон калууда, бирок күч түзүмдөрү тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ