Menu

Садыр Жапаров: “Кыргызстандын бардык жашоочуларын, биринчи кезекте саясий күчтөрдү жана ЖМКларды сабырдуулукка, чагымчылдыкка алдырбоого чакырам”

Бөлүшүү:

“Кыргызстандын бардык жашоочуларын, биринчи кезекте саясий күчтөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын сабырдуулукка, чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты жана араздашууну козутпоого чакырам”, – деп жазды бүгүн, 29-апрелде президент Садыр Жапаров Facebook социалдык тармагындагы баракчасына.

Биз тажик эли менен дайыма тил табышабыз, биздин ынак коңшулук кызыкчылыктарды эске алып жана ынтымакты сактоо менен гана бардык маселелерди чечебиз.

Азыр жаңжалды чыгарып, аны ичтен тутандырууга аракет кылгандар кооптондурат. Өлкө үчүн мындай оңой эмес учурда бардык ички саясий күчтөрдү сабырдуулукка чакырам”, – дейт өлкө башчы.

Белгилей кетсек, учурда кыргыз-тажик чек арадагы абал оор бойдой калууда. Атышуу токтой элек. Акыркы маалыматтар боюнча, жалпысынан 17 жаран жарадар болуп, бир адам көз жумду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: