Menu

Лейлек: Ок атышуу уланып, айылдарда үй-жайлар өрттөндү

Бөлүшүү:

Эвакуацияланган тургундар Исфана шаарына келип түшүп жатышат, 29-апрель, 2021-жыл.

Баткен облусунун Лейлек районунда 30-апрелде таңга маал Кызыл-Бел, Кулунду айылы тарапта дагы деле ок атуу болуп жатканын жергиликтүү тургундар “Эркин Европага” кабарлашты.

Түнкүсүн Лейлек районунун Арка, Жаштык, Максат жана Эски Оочу айылдарында ок атылганы токтоп, бирок турак үйлөр өрттөнүп жатканын жашоочулар маалымдашты.

Бул айылдарды 29-апрелдин кечинде Тажикстандын аскерлери оор техника менен аткылап, тургундар жакынкы айылдарга качып чыгышкан. Облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова Лейлек районунда милиция күчөтүлгөн тартипте кызматта турганын, турак-жай өрттөнүп жатканын “Азаттыка” бышыктады. Жаштык айылында май куйган жай, Максат айылында чек ара тозоту жана ондон ашык үй өрттөлгөнүн тургундар билдиришти.

29-апрелде Тажикстандын Согди облусу менен чектешкен кыргыз айылдарынын 2000-3000дей тургуну убактылуу үй-жайын таштап, Лейлек районунун борбору Исфана шаарына, Катраң, Өзгөрүш, Коргон, Тайлан айылдарына эвакуацияланды. Райондук социалдык камсыздоо кызматынын өкүлдөрү жергиликтүү ыктыярчылар менен бирге жаңжал чыккан айылдардын тургундарын убактылуу жайгаштыруу иштерин жүргүзүүдө. «Эркин Европа» ишенимдүү булагы жеринен билдиргендей, жүздөгөн киши Исфанадагы эки мектепке, ошондой эле шаардагы тааныштарынын, туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылды.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш башталган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 29-апрелдин түнүндө берген маалыматына караганда, чек арадагы кагылышууда үч жаран каза таап, жарадар болгондордун саны 84кө жетти.

Тажикстандын чек ара мекемеси 28-29-апрелдеги жаңжалда тогуз адам жаракат алганын билдирди.

30-апрелге ооган түнү эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, анын жыйынтыгында тараптар куралдуу кагылышты токтотуу тууралуу биргелешкен документке кол коюшту. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев билдирди.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: