Menu

Алексей Навальныйга жаңы кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Орусиянын Тергөө комитети оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйга жана ал негиздеген фонддун кызматкерлери Леонид Волков менен Иван Ждановго каршы кылмыш ишин козгоду.

“Ишмердүүлүгү жарандарга зомбулук көрсөтүүгө же зыян келтирүүгө байланышкан коомдук уюм түзүү жана аны башкаруу” беренеси менен быйыл февралдын ортосунда эле козголгон кылмыш иши тууралуу эми гана белгилүү болууда.

Орусияда бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн төрт жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Мындан тышкары былтыркы өзгөртүүлөргө ылайык, бул берене менен соттолгон оппозициячыларга беш жыл шайлана турган кызматтарга талапкер болууга тыюу салынган.

Азырынча кылмыш иши тууралуу башка маалыматтар жок. Навальный азыр сегиз жыл мурда козголгон кылмыш иши боюнча камакта отурат. Сот өкүмүнө ылайык, ал эркиндикке 2023-жылы жайында чыгышы керек. Жданов менен Волков чет өлкөгө чыгып кетишкен. Март айында Литва Волковду Москванын өтүнүчү менен кармоодон баш тарткан. Орусияда ал өспүрүмдөрдү мыйзамсыз нааразылык акцияларына тартууга жана митингдерге санитардык нормаларды бузууга айыпталган.

Буга чейин Москва прокуратурасы «чет элдик тыңчылардын» тизмесиндеги “Коррупцияга каршы күрөшүү фондун” жана Алексей Навальныйдын тарапташтарынын штабдарын экстремисттик деп таанууну талап кылган. Мекеме жүйө катары алар өлкөнүн “конституциялык түзүлүшүн өзгөртүүгө шарттарды түзүп жатат” деп шектелип жатканын билдирген.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: