Menu

Кыргызстан менен Тажикстан Баткен жана Согди облустарынын чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшту

Бөлүшүү:

Кечээ, 29-апрелде куралдуу кагылышууну жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз тараптан: КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Суваналиев Ө.И. , Чек ара кызматынын төрагасы У.З.Шаршеев, Ички иштер министринин биринчи орун басары С.А.Өмүрзаков, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.А.Шаменов катышты.

Тажик тараптан: Татарстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ятимов С. С., биринчи орун басары – Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысы Раджабали Рахмонали, Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода катышты.

Тараптар коңшулук мамилелерге негизделген жана буга чейин кабыл алынган мамлекеттер аралык келишимдерге таянып өз ара макулдашууга келишти:

1. Ушул жылдын 29-апрелинде саат 19.30дан баштап (Бишкек убактысы боюнча) Баткен облусунун жана Согди облусунун чек ара аймактарындагы согуш аракеттерин токтотуу (Душанбе убактысы боюнча 18.30).

2. Баткен облусунун жана Согди облусунун чек ара аймактарынан аскерлерди жана аскердик техникаларды мурда жайгашкан жерине алып кетүү.

3. Баткен облусу менен Согди облусунун чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу үчүн сүйлөшүү процессин улантуу.

4. Ушул протоколдо көрсөтүлгөн жетишилген келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн эки мамлекеттин чек ара аскерлеринен, коопсуздук жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринен жумушчу топ түзүү.

Биргелешкен протоколго Суваналиев Ө.И. Шаршеев У.3, Шаменов А.А., Өмүрзаков С.А. жана тажик тараптан Ятимов С.С., Раджабали Рахмонали, Раджаббой Ахмадзода кол коюшту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: