Menu

Өзбекстанда сабалган блогерге каршы кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Өзбекстанда блогер Миразиз Базаровго каршы «Ушак таратуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «Медиазона» басылмасына блогердин досу Тимур Карпов билдирген.

Анын айтымында, Базаров 29-апрель күнү ооруканадан чыгары менен Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

30-мартта укук коргоо кызматкерлери Базаров жашаган батирде тинтүү жүргүзүп, анын документтерин жана компьютерин алып кетишкен. Бирок бул боюнча протокол түзүлгөн эмес.

Эртеси Базаровдун апасынын үйүндө да тинтүү жүрүп, видеокамера, фотоаппараттар, блогердин эски телефону жана аялынын компьютери алынган.

Миразиз Базаров 28-мартта Ташкентте жапон анимесин жана корей поп-музыка сүйүүчүлөрү үчүн кезектеги иш-чараны өткөрүүгө камданып жаткан маалда белгисиз кишилер тарабынан сабалган. Дарыгерлер блогердин ички органдары жабыркап, сол буту сынып, мээси чайкалганын билдиришкен.

Базаровдун сабалышы боюнча Кылмыш кодексинин «Атайлап денеге зыян келтирүү» беренеси боюнча иш козголгон. Күн мурун басылманын булактары блогердин достору ички иштер бөлүмдөрүнө чакырылып, алардан ЛГБТ темасы боюнча гана сурап жатышканын кабарлашкан.

Миразиз Базаров Telegram каналы аркылуу бийликти өлкөнүн Кылмыш кодексинен «Гомосексуализм» беренесин алып салууга чакырган. Ошондой эле ал президент Шавкат Мирзиеёвди сындап, бийликти коррупцияга айыптап, ачык-айкындуулук камсыз болмоюнча Өзбекстанга насыя берүүнү токтотууга чакырып, Азия өнүктүрүү банкы менен Эл аралык валюта фондуна кайрылган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: