Таш-Көмүр шаардык прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилген, баасы 7 350 000 сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Таш-Көмүр шаардык мэриясы мыйзам талаптарын бузуу менен М.А. аттуу жарандын менчигине 3.0 га жерди өткөрүп берүү тууралуу чечим чыгарган. Ал эми, учурунда мамкаттоо органы тарабынан жеке менчик укугу жөнүндө акты берилген.
Мэриянын токтомун жана жеке менчик укугун күбөлөндүргөн документтерди жараксыз деп табуу жөнүндө прокуратуранын доо арызы сот тарабынан толугу менен канааттандырылган.
Келтирилген прокурордук актынын негизинде, жер тилке шаарынын мэриянын балансына кабыл алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ