Menu

Чек арадагы жаңжалда 134 жаран жарадар болуп, анын ичинен 13 адам каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-апрель саат 7:50гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жабыркагандардын жалпы саны 134кө жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет.

Жарадар болгон жарандардын арасынан 13 адам каза болду. 25 жабырлануучу атайын учак менен Баткенден Бишкекке жеткирилип, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылды.

Эки жабырлануучунун абалы оор, калгандарынын абалы орто жана салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: