Menu

Европарламент Орусияга каршы санкцияларды киргизүү тууралуу резолюция долбоорун жактырды

Бөлүшүү:

Бейшемби күнү Европарламент Орусиянын армиясы Украина аймагына бастырып кирсе, Москвага каршы катаал сакцияларды киргизүүнү сунуштаган резолюциянын долбоорун жактырды.

Камактагы орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйдын укуктарынын бузулушуна, орус күчтөрүнүн Украина чек арасына жакын жерлерге топтолуусуна жана орус атайын кызматтары айыпталып жаткан 2014-жылы Чехиядагы курал-жарак кампасынын жарылуусуна арналган резолюцияны 569 депутат колдоп, 67си каршы добуш берди.

Документте Орусиянын армиясы Украина аймагына бастырып кирсе, Москвага каршы катаал сакцияларды киргизүү сунуштары жазылган. Алардын арасында Орусияны банк төлөмдөрүнүн эл аралык SWIFT системасынан өчүрүү, Орусиядан мунай жана газ алып келүүгө эмбарго киргизүү, орусиялык олигархтар менен алардын мүчөлөрүнүн ЕБ аймагына кирүүсүнө тыюу салуу, алардын активдерин камакка алуу, «Түндүк агым — 2» газ түтүгүнүн курулушун токтотуу, Навальныйды куугунтуктоого катышкан адамдарга санкция киргизүү, Чехияга тилектештик катары ЕБдеги орус элчилерин чыгаруу жана коррупцияга байланышкан кылмыштарды жасагандар үчүн «Магнитский мыйзамынын» европалык аналогун түзүү сунуштары бар.

Орусияны SWIFT системасынан өчүрүү жана бул өлкөдөн газ менен мунай сатып алууну токтотуу сунуштары буга чейин да бир нече жолу айтылган. Европарламент депутаттары мындай чаралар Орусияны Украинага карата агрессивдүү пландарынан баш тартууга мажбурлайт деп эсептешүүдө.

Бул резолюция сунуш берүү мүнөзүнө ээ. Европарламент январда Алексей Навальный камакка алынгандан кийин да «Түндүк агым —2» долбоорун токтотуу же олигархтарга каршы санкция киргизүү сыяктуу сунуштарды берген. Бирок ЕБ анда Орусиянын айрым күч түзүм мекемелеринин башчыларына гана санкция киргизген.

Буга чейин ЕБдин тышкы саясат тармагынын башчысы Жозеп Боррель Европарламенттин сессиясында сүйлөп, Орусияны SWIFT системасынан өчүрүү жана «Түндүк агым —2» газ түтүгүнүн курулушун токтотуу Европа биримдигинин компетенциясына кирбей турганын билдирген. Ал орус бийлиги ЕБ менен тирешүүгө багыт алганын, бирок буга карабастан, ортодогу сүйлөшүү каналдарын сактап калуу маанилүү экенин белгилеген.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: