Бүгүн, 30-апрелде эрте менен Лейлек районунан Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди уурдап кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар 24.kg маалымат агенттигине билдирди.
Алардын айтымында, Интернационал айылынын бардык тургундары кечээ кечинде үйлөрүн таштап кетишкен. Эки үйдү тажиктер басып алышкан, дагы бир-эки үй өрттөлгөн.
“Эки эркек киши өлтүрүлгөн. Бүгүн эрте менен айылдын башчысы каза болгондордун сөөктөрүн алып кетүү үчүн барган, ошол учурда ал туткунга алынып, Тажикстандын аймагына алынып кетти”, – деп билдиришти жергиликтүү тургундар.
Бул маалыматты Баткен ОИИБи тастыктады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ