Menu

ТИМ: БАЭ өкмөтүнөн 54 тонна гуманитардык жардам келди, ал жакын арада Баткенге жеткирилет

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында, кечээ, 29-апрелде Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнөн жалпы салмагы 54 тоннаны түзгөн тамак-аш азыктары түрүндөгү гуманитардык жардам “Etihad Airways” авиакомпаниясынын атайын рейси менен “Манас” эл аралык аэропортуна келип түштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү “Манас” эл аралык аэропортуна гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу процессине катышты.

Өлкөнүн жогорку жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн аткаруу максатында, бул гуманитардык жардам жакын арада Баткен аймагына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу жеткирилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: