Menu

Баткенде 21 үй, мектеп, май куюучу жайлар, дүкөндөр, өрт өчүрүүчү жай күйүп кетти

Бөлүшүү:
Баткен облусунун Лейлек районунун жалпысынан 12 турак үй, бир мектеп өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, Лейлек районунун Кулунду айылында – 2 турак уй, Максат айылында -10 турак уй, 1 мектеп өрттөндү.
Баткен районунда болсо, 9 турак уй, 10 май куйуучу бекет, 2 ресторан,  8 магазин, “РЕМИ” казиносу, 1 чек ара заставасы жана Ак-Сай айылында ӨКМге караштуу 1 Өрт куткаруу бөлүгү өрттөнгөн.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеринде ӨКМдин иш-чараларын кординациялоодо.
Баткен облусунун Ак-Сай, Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактарынын аймагында “Өзгөчө абал” режими киргизилип, жергилүктүү тургундар коопсуз жайга эвакуацияланып, ысык тамак-аш жана биринчи керектелүүчү каражаттар уюштурулган.
Баткен облусунун Ак-Сай, Кызыл-Жол жана Кевит айылынын тургундары коопсуз жайга эвакуацияланды. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эвакуациялоого 10 техникадан ашуун, 150 ашуун кызматкер тартылды. Райондук жарандык коргонуунун Медицина кызматынан 13 тез жардам автоунаасы жана автотранспорт кызматынан 60 спринтер айдоочулары тартылууда.
Баткен облусунун Лейлек районунан 900 жаран Баткен шаары багытында, ал эми Лейлек районунан 300 жаран коопсуз жайга, анын ичинен 200 туугандарына жайгаштырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: