Бүгүн, 30-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге келип, облустук администрациянын имаратынын алдында жергиликтүү эл менен жолукту.
Анын айтымында, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев экөө сүйлөшүүгө барат. Бирок ал сүйлөшүүлөр кайсы жерде болорун так айткан жок.
Камчыбек Ташиев алар бардыгын жөнгө салып, кан төгүүнү токтотууга аракет кылыша турганын белгиледи.
Ал жергиликтүү тургундардан эмоцияларга алдырбоону суранып, эч кимге согуштун кереги жок экенин, бардыгы тынчтык жолу менен чечиле турганына ишенерин билдирди.
Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев чек ара жаңжалы боюнча экинчи ирет сүйлөшүү болуп жатканын айтып, көйгөйдү тынчтык жолу менен чечүүгө үмүттөнөрүн билдирди. Ал эки тарапта тең каза болгондор бар экенин, аларды артка кайтарып келүүгө мүмкүн эместигин айтып, кан төгүүнү токтотуу керектигин белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ