Menu

“Кызыл жарым ай” уюму баткендиктерге жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултууну улантууда

Бөлүшүү:

Кызыл Жарым Ай уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлү  Баткендеги эвакуацияланган жарандарга гуманитардык жардамдарды көрсөтүүнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Кызыл Жарым Ай” уюму Баткенде эвакуацияланган адамдарга азык-түлүк жана психологиялык колдоо көрсөтүүнү улантууда. Мындан тышкары, убактылуу көчүрүлүп келгендер үчүн 100 гигиеналык кийим-кече таратылат. Рават айылына эвакуацияланган 1500дөн ашуун жарандар үчүн 250 гигиеналык кийим-кече жана 250 жууркан жөнөтүлөт. Бул гуманитардык жардам Лейлекке атайын учак менен жеткирилет.

Кечээ, 29-апрелде түндө “Кызыл Жарым Ай” эвакуациялангандарга кошумча колдоо көрсөтүү үчүн гуманитардык жардамдарды өткөрүп берди. Алар: кагаз салфеткалар, даарат кагаздары, антисептиктер, аптечкалар, шейшептер, тазалоочу каражаттар, беткалар, кол каптар, суюк самын, бинттер, балдар үчүн оюнчуктар, жеке коргонуу каражаттары, бир жолку идиш-аяк.

Калкты колдоо максатында Ош жана Жалал-Абад облустарынан “Кызыл Жарым Айдын” кырсыкка каршы күрөшүү топтору Баткенге жөнөтүлдү.

“Кыргызстандын Кызыл Жарым Айы” жер которгон жарандарга жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн тез арада каражат чогултууну улантууда. Акчаны төмөнкү жолдор менен которсоңуз болот:

1) О! деньги тиркемеси аркылуу 0502 300 190 номерине

2) Кыргызстандын Кызыл Жарым Айынын расмий номеринин балансына 0502 300 190

3) Visa жана Master Card аркылуу donate.redcrossredcrescent.org/kg/helpbatken

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: