Menu

Эксперт Аркадий Дубнов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал кимге пайда алып келе турганын айтты

Бөлүшүү:

Борбор Азия чөлкөмү боюнча эксперт Аркадий Дубнов «Настоящее время» каналына берген маегинде, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу жаңжал жөнүндө комментарий берди.

Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал Душанбеде ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын жыйыны өтүп жаткан маалда чыкканы Тажикстан үчүн «ыңгайлуу болушу мүмкүн».

“Мени эки жагдай тынчсыздандырды. Биринчиден, саат сайын күчөп жаткан куралдуу жаңжал Душанбе шаарында ЖККУга мүчө маvлекеттердин Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын жыйыны бүтө элек кезге туш келди. Ошондо, бул жагдай тажик жетекчилигине кайсы бир согуштук аракеттерди жүргүзгөнгө ыңгайлуу болгон десек болобу? Мында ал ЖККУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчылары бул чатактын чыгышына Тажикстанды түздөн-түз айыптоого батынбай, жок эле дегенде, андагы мамлекеттердин өкүлдөрүнөн тажик бийлигинин дарегине кандайдыр бир сын-пикир түшпөй калат деген ниет жаткандай. Бул алдын ала ойлонулган айлакердик болушу мүмкүн”, – деди ал.

Анын айтымында, чек арадагы жаңжалды курчутууда Кыргызстандын кызыкчылыгы жок, анткени өлкө өзү туруксуздукту башынан өткөрүп жатат.

«УКМКнын жетекчиси Ташиев ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө кеткен учурда, өлкөдө ички саясий абал анча жакшы болбой турганда, Кыргызстан аскердик аракеттерди баштоого кызыкдар болмок беле? Бул алардын кызыкчылыгындагы иш эмес деп ойлойм.

Региондогу аналитиктердин арасында, оор техника менен миномет колдонгон тажик тарапта Ворух анклавы менен байланыштырган жолду көзөмөлдөө кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген кооптонууулар бар. Натыйжада, Кыргызстан өз аймагына, Лейлек районуна эркин өтө албай, Лейлек анклав болуп калышы мүмкүн”, – деди ал.

“Балким, экинчи тарапта ички саясатта туруксуздук болуп турганда, кырдаалды бекемдөө үчүн тараптардын бирине чакан согуш керек болчу.

Тажикстандын жетекчилигинин өкүлдөрүнүн кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты чечүү жолдору жөнүндө маселе көтөрүлүп жатканда алгачкы күндөрү катуу каршылык көрсөткөндөрүн эстесек… Тажикстандын жетекчилиги буга караманча каршы чыгып, жер алмашуу эч качан болбой турганын айткан.

Менде Тажикстандын жетекчилиги маселени тынчтык жолу менен чечүүнү каалабай жатат деген ой жаралат. Алар кырдаалды курчутуп, аны катаал аскердик ыкмалар менен чечүүнү көздөйт. Анткени, өз элинин кызыкчылыгында иш алып барган жетекчиликтин чечкиндүүлүгүн көрсөтүп, элди мекенчил лидердин айланасына бириктирүү керек болчу”, – деди Дубнов.

Аркадий Дубнов бул кезде согуштук аракеттерди токтото ала турган Россия шашылбай жатканын белгиледи.

“Биринчиден, эки мамлекеттин эрки, каалоосу болушу керек [чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн], бирок мен аны көрө албай жатам. Экинчиден, сырткы өнөктөштөрдүн күчтүү басымы болушу зарыл. Тилекке каршы, бул кырдаалга Россиянын чечкиндүү аракетин көрө албай жатам.

Эгерде Ташкент буга чейин тынчсыздануусун билдирген болсо, анда Москва Мария Захарованын оозу менен “кырдаалды байкап турабыз” деп айтты. Буга чейин байкаш керек болчу. Эми болсо, согуштук аракеттерди токтотуу боюнча катуу чараларды көрүү керек. Эмнегедир Москвада шашылбай жатышат “, – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: