УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана УКМКнын чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев сүйлөшүүлөрдөн кайтып келди.
“Биз нейтралдуу аймакта, Кызыл-Бел өткөрмө бекетинде жолуктук. Тажик тараптан УКМКнын башчысы, Согди облусунун губернатору жана чек ара кызматынын башчысы келди. Бүгүн биз бардык аскерлерди мамлекеттик чек ара линиясынан чыгарып кетүүнү чечтик. Биздикилер Баткенге келет, тажик тарап да алысыраак жылышат”, – деди Камчыбек Ташиев чогулган элге.
Ошондой эле, өрттөлгөн үйлөрдүн бардыгы мамлекеттин же тажик тараптын жардамы менен калыбына келтирилет деп убада берем. Мен сиздерге стратегиялык маанилүү жердин бир метрин бербейм деп сөз берем. Бирок жерлерди алмаштырбаса, чек аралар такталбай тургандыгын унутпаңыздар “, – деди Камчыбек Ташиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ