Menu

Казакстанда журналисттер Токаевге кайрылып, маморгандар жабык болуп жатканына даттанышты

Бөлүшүү:

Казакстандын журналисттер коому президент Касым-Жомарт Токаевге ачык кайрылуу жолдоп, карантиндик чектөөлөрдөн улам мамлекеттик органдардан маалымат алуу оорлогонун билдиришти.

Кайрылуунун авторлору аткаминерлер чектөөлөрдү колдонуу менен журналисттерден бекинип жатышканын белгилеп, мамлекеттик органдардагы иш-чараларга журналисттердин катышуусуна уруксат берүүнү өтүнүшкөн.

«Журналисттер үчүн мамлекеттик органдардын бардык эшиктери жабылганына экинчи жыл болууда. Себеп — пандемия маалындагы карантиндик чектөөлөр. Бирок ушул эле чектөөлөр парламент сенатында көп адамдын катышуусунда «Жаш эксперттердин клубун», Маалымат, Саламаттык сактоо министрликтеринде түрдүү эксперттик жолугушууларды, жыйындарды өткөрүүгө тоскоол болгон жок. Мунун баарын көрүп туруп карантиндик чектөөлөр журналисттерге карата гана иштеп жаткандай сезим болууда», — деп жазылган ачык катта.

Кайрылуунун авторлору саламаттык сактоо министри Алексей Цой журналисттерге айына бир гана жолу чыгып, бирок суроолорго жарытылуу жооп ала албай жатышканын белгилешкен. Мындан тышкары анын орун басары Ералы Тугжанов президенттин көзүнчө коронавирустун жайылуусу боюнча брифинг өткөрүүнү убадалаганын, бирок анысы аткарыла электигин белгилешкен.

— Алматыда комиссиялардын онлайн-жыйындары көрсөтпөйт, өкмөт менен парламенттин жыйындары үзгүлтүккө учурап, катып калат. Онлайн маалымат жыйындарда канааттандыраарлык жоопторду ала албай калып жатабыз. Мурда жыйындан кийин аткаминелердин жанына барып көп нерсени тактап алчубуз. Азыр Борбордук коммуникациялар борборуна кайрылышыбыз керек, анын модератору болсо чиновниктерди суроолордон коргоого кызыкдар. Басма сөз кызматтардын көбү да журналисттердин тактоо суроолорунун берилишине кызыкдар эмес. Булардын баарын эске алганда, журналисттердин мамлекеттик органдардын имараттарына кирүүсүнө уруксат берилиши керек», — деди кайрылууга кол койгон «Информбюро» басылмасынын журналисти Серикжан Маулетбай.

Буга чейин казакстандык журналисттер өкмөт иштеп чыккн аккредитациялоонун жаңы эрежелерине каршы пикирлерин билдиришкен. Ага ылайык, маалымат жыйында журналисттер модераторлордун талаптарын аткарып, темадан чыкпашы керек.

Казакстан «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча рейтингинде быйыл 180 өлкөнүн ичинен 155-орунга жайгашкан.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: