Menu

ЖККУ: Кыргызстан менен Тажикстан чек арасындагы жаңжал токтошу керек

Бөлүшүү:

Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжал боюнча «Интерфакс» маалымат агентигине комментарий берди.

Ал: «ЖККУ чек арадагы жаңжал токтошу керек деп эсептейт, Аны тынч жол менен чечүү зарыл. Жаңжалды жөнгө салуу үчүн тиешелүү чаралар көрүлүүдө» деп белгилеген.

ЖККУнун маалымат катчысы Владимир Зайнетдиновдун айтымында, ушул тапта Станислав Зась Душанбеде. Ал кырдаалды эки өлкөнүн коопсуздук кеңештеринин катчылары Рыскелди Мусаев жана Насрулло Махмудзодо менен талкуулады.

29-апрелде Душанбеде ЖККУнун катчылар кеңешинин жыйыны, 27-апрелде ЖККУнун коргоо министрлеринин кеңеши өткөн.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму 1992-жылы 15-майда Ташкент шаарында түзүлгөн. Уюмга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. Өзбекстан уюмдун курамынан 2012-жылы чыгып кеткен. Уюмдун максаты тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту, туруктуулукту бекемдөө, уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн жана суверенитеттүүлүгүн коргоо болуп эсептелет.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 30-апрелдин эртең мененки саат 8деги маалыматына караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: