Menu

Мирзиёев Ашхабадда Ниязовдун мавзолейине барып, ифтарга катышты

Бөлүшүү:

29-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев түркмөн кесиптеши Гурбангулы Бердымухамедов менен Ашхабаддагы Түркмөнбашы Руху комплексине жана өлкөнүн биринчи президенти Сапармурат Ниязовдун мавзолейине барды.

Өзбек президентинин маалымат кызматы билдиргендей, сапар учурунда Курандан сүрө окулду.

Комплекстин жанында түркмөн президентинин атасы Маликгули Бердымухамедовдун жаркын элесине арналып ифтар уюштурулду. Иш-чарага эки өлкөнүн муфтийлери, дин ишмерлери жана аксакалдар катышты. Мирзиёев өз сөзүндө Өзбекстан элинин атынан Түркмөнстан президентинин атасынын жарык дүйнө менен кош айтышына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Ушул эле күнү Мирзиёевдин Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады. Ашхабаддын эл аралык аэропортунда аны Гурбангулы Бердымухамедов узатты.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: