Menu

ИИМдин ардагерлери кыргыз элин чагымчылдыкка алдырбоого, улуттар аралык кастыкты козутпоого чакырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-апрелде Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу Ички иштер органдарынын ардагерлеринин Кыргызстандын элине кайрылуу жасады.

Кайрылуунун тексти:

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен, биз ички иштер министрлигинин ардагерлери Кыргызстандын
жарандарын акыл калчап иш кылууларына, сабырдуу болууларына жана мыйзамды сактап, чагымчылдыкка, мыйзамсыз иш-аракеттерге барбоого чакырабыз. Сиздерден  абалды мындан дагы курчутуп албаш үчүн  такталбаган маалыматтарды жана комментарийлерди таратуудан алыс болууга
үгүттөйбүз. Анткени, биздин мамлекетибиз болгон Кыргызстанга тынчтык жана бейпилдик керек!

Биздин республикабыз эгемендүүлүккө кандай деген эмгек менен жеткендигин жана мындай оор мезгилде тынчтыкты сактоо үчүн кандай жолдорду басып
өткөндүгүбүздү унутпайлы. Биз мамлекеттин, биздин жарандардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бүт өмүрүбүздү арнап, ачык асман менен жарандарыбыздын тынчыгын өз эмгегибиз менен камсыздап келдик.

Бүгүн бардык маселелерди жана жаралган көйгөйлөрдү Борбор Азиядагы бир тууган элдерге тиешелүү болгон көп жылдык достук, абийирдүүлүк жана
өнөктөштүк мамилесинде макулдашуулар жолу менен чечкенибиз оң. Кыргызстандын бардык жарандарын тынчтыкты сактап, чагымчылдыкка алдырбай, улуттар аралык кастыкты жана араздашууну козутпоого чакырабыз.

Эки мамлекетке тең мыйзамдуулуктун үстөмдүк кылуусу менен жана сабырдуулуктун негизинде турукташтыруунун үстүндө иштөөнү сунуштайбыз.
Биз мамлекеттин эркиндиги менен бүтүндүгүн сакташыбыз керек.  Тынчтык үчүн биз бардыгыбыз биригип, болгон күчүбүздү  чыр-чатакты чечүү  боюнча өлкөнүн  жетекчилигинин бардык  аракетин  колдоого жумшайлы.

Жакынкы аралыкта эки өлкөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен бул кырдаал жөнгө салынат деген үмүттөбүз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: