Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова “Баткенге жардам” кайрымдуулук штабынын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Баткен облусуна гуманитардык жардам жеткирүү боюнча маселелер талкууланды.
Ализа Солтонбекова билдиргендей, бир дагы жаран Баткенге уруксатсыз жүк ташыбашы керек. Анткени аларды жарандык унааларды өткөрүү пункттары өткөрбөйт.
«Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак учурунда калкка жардам берүүнү каалагандар «Баткенге жардам» кайрымдуулук штабына кайрыла алышат. Ал жерден Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жүк ташуучу унаалар менен Баткен облусуна жеткирилет», – деп кошумчалады ал.
Штаб Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында жайгашкан.
Кошумча маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу алууга болот: 0558 98 88 88; 0705 15 13 00
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ