Menu

ОшМЮИ Баткенге каржылык жана гуманитардык жардам жиберди

Бөлүшүү:

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун эмгек жамааты, кечээтен берки Баткен облусунун чек ара тилкелеринде жабыркаган эл үчүн тез аранын ичинде каржылык жана гуманитардык жардам жиберди. Бул тууралуу ОшМЮИнин проректору Байболот Абытов билдирди.

Бүгүн, 30-апрелде ОшМЮИнин Окумуштуулар Кеңешинин жана эмгек жамаатынын чечими менен окутуучулук-профессордук курам жана баардык кызматкерлер бир күндүк айлык маяналарын Баткен облусунун чек ара райондорунда жабыркаган үй-бүлөөлөрдү колдоо үчүн которушту. Каржылык колдоо ыкчам түрдө атайын эсепке которулуп, муктаждарга жиберилди.

Мындан башка ОшМЮИнин эмгек жамаатынын тамак-аш жана күндөлүк турмушта керектелүүчү буюмдарды топтоп, түштөн кийин Баткенге жөнөтүштү.

ОшМЮИнин эмгек жамааты чек ара чыр чатагында курман болгон мекендештерибиздин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аларды ар дайым, ар тараптан колдоого даяр экенин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

36 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: