Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жарадар болгондордун саны 154кө жетти, алардын ичинен 31 адам каза болду. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, 154 кишинин 121и жай тургундар, 23ү укук коргоо органдарынын кызматкерлери.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ