Кыргыз-тажик чек арада болгон окуяларга байланыштуу, Тажикстан Республикасынын аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын консулдук-укуктук жардам алуу зарылдыгы келип чыккан учурлары үчүн КР Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинде күнү-түнү иштөөчү ыкчам байланыш номери уюштурулганын маалымдайт.
Коңшу өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары ыкчам байланыш номерине чалып, консулдук-укуктук жардам ала алат.
Ыкчам байланыш номери: (+992) 887 782 223
Кыргызстандын Тажикистандагы Элчилигинин Консулдук бөлүмү: (+992) 411 00 00 52; e-mail: [email protected];
Ошондой эле консулдук – укуктук багыттагы керектүү маалымат алуу үчүн КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде ыкчам байланыш номери: +996 551 312 000 күнү-түнү иштеп жаткандыгын билдиребиз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ