Menu

Өмүрбек Суваналиев: “Тажикстан Баткенден аскер кызматкерлерин алып чыгып кетти”

Бөлүшүү:

Тажикстандын аскер кызматкерлери Баткен облусунун аймагынан чыгып кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде журналисттерге өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын аскер кызматкерлери аймактарды мина коюлганбы жокпу текшерип жатышат.

Облус башчысы блок-посттор орнотулганын, бардыгы көзөмөлгө алынганын белгиледи.

Саат 20:20да өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы сүйлөшүүлөрдөн кийин Төрт-Көчө жолу ачылганын, Тажикстан Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жайгашкан “Кызыл-Бел” чек ара өткөрүү жайы менен Тажикстандын “Гулистон” бекетинин аймагындагы куралдуу күчтөрүн алып чыгып кеткенин билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: