Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Жака-Өрүк участкасы аркылуу өтүүчү Ош-Исфана автожолу 30-апрелде, саат 17.50лөр чамасында ачылып, тажиктер тарабынан төгүлгөн кум-шагылдар толугу менен алынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы билдирет.
Баткен районунун Көк-Таш, Самаркандек, Ак-Сай айылдарында абал туруктуу. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте коомдук кырдаалды жөнгө салууда толугу менен иш алып барууда.
Бул аймактарда жашаган жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоодо Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Боронов тиешелүү иштерди алып барууда.
“Ал эми облус аймактарындагы болуп жаткан окуялар боюнча милициянын жүргүзгөн иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков өз көзөмөлүнө алып, коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөрдү жөнгө салууда тийиштүү тапшырмаларды берүүдө”, – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ