Menu

ИИМ: Социалдык тармактарда жарыяланып жаткан ар бир маалымат далилдүү фактыларга негизделиши керек

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Азыркы учурда Баткен облусунун аймагында кырдаал толугу менен көзөмөлдө жана коомдук тартип көзөмөлдөнүп жатат.

“Учурда чек арадагы чыр-чатактар жөнүндө көптөгөн маалыматтар жарыяланууда. Бардыгыбыз кырдаалды турукташтыруу үчүн болгон күчүбүздү жумшайлы жана оор кесепеттерге алып келген аракеттерден алыс бололу. Ар бир маалымат так жана текшерилген булактардан алынган далилдүү фактыларга негизделиши керек. Жалган, такталбаган маалыматтардын жайылышына жол бербейли. Биз социалдык тармактардын колдонуучуларын кырдаалды курчутуп албоо үчүн терс комментарийлерди жазуудан, такталбаган маалыматтарды, аудио-видео материалдарды таратуудан алыс болууга чакырабыз”, – деп айтылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: