Menu

Абдувахаб Мониев, журналист: “Кыргыз баатыр эл, байыркы эл!” деп кыйкыра берип, “жармабыз” бир күндө жайыла төгүлдү…”

Бөлүшүү:
Кыргыздар дале кечээги менен, өткөн күн менен жашап жаткандайбыз… “Кечээ биз тажиктерге жардам бердик эле, анттик эле, минттик эле, жакшылыкты би-илбе-еди-и” деп наалыгандар, Рахманды каргап-шилегендер жайнап чыга баштады… Аны айткандан не шам? Азыркыдай абалда артка кылчактабай, бүгүнкү менен эртеңкини гана ойлош керек эмеспи!?
“Өзүңө сак бол, коңшуңду ууру тутпа” дейт элдик накыл. Кептин, айыптын баары өзүбүздө. “Кемчилдиги көптүн кемсинтери көп”.
Биресе, кыргыздын жармач интеллигенттери теленин, гезиттин, интернеттин, китептин бетин бербей, “кыргыз баатыр эл, байыркы тарыхы бар, дүйнөнү караткан, Манасы бар, анысы бар, мунусу бар” деп жөө жомок айтып, барабан кагып, мамлекетчил, улутчул руху тайыз, традициясы жок караңгы коомго жармапатриотизмди жайылта берип ушул акыбалга алып келди. “Жармабыз” бир күндө жайыла төгүлдү…
КМШдагы эң алсыз, кембагал, анан да геосаясий жагынан алганда Кыргызстандан кыйла начар позицияда турган мамлекет – Тажикстандын кандуү баскынчылыгына туруштук бере албай калдык.
Эми “алы жетпеген – аллачыл, күчү жетпеген -кудайчыл” болуп, Эларалык сот, ООН, ОДКБ-содыбыкы деп, асмандын башынан кеп уруп, дале четтен, бөтөндөн үмүт этип отурабыз…
“Ишенген төөлөрүбүз” жок дегенде ушундай кыйчалыш шартта чындыкка тике карап, “ала кушту атынан чакыра” калкына калканч боло албай, жаңы келген келинчесинен “чагымчыл күч, белгисиз күч, селгисиз күч” деп анык иштин атын тергеп, жүгүнүп жиберчүдөй абалда ар кимдин каш-кабагына үңүлүп, алаңдап калды…
Не дейбиз, “эшегине жараша -тушагы”, “үйдө баатыр, жоодо жок”, демек, ары жок, арканды алыс ыргыта албаган көөдөк калктын “төөсү” андан артык болмок беле?!
Деген менен, “үмүтсүз -шайтан”. Мүмкүн ушул окуя биздин улутка чоң сабак болуп, намыс ойгоноор, мүмкүн, ушундан бир жыйынтыкка келип, өзүбүзгө өзүбүз сын көз менен карап, кенемтебизди толтуруу, оңолуп-торолуу жолуна түшөрбүз… Тарыхка, саясатка, турмушка примитив кыялий сезим менен эмес, реал прагматикалык көз менен караганга өтөөрбүз…
Мекен чегин коргоп кан төккөн аскерлерибиздин, жай жарандарыбыздын баарына таазим этем. Кандай гана өкүнүчтүү, баары жапжаш жигиттер… Арасында көчөт кыз… Кандай аруу максаттары, тилектери, үмүттөрү бар эле…
Абдувахаб Мониев, журналист.
Маалымат иретинде: Абдувахаб Мониев, Чыгыш Түркстандагы кыргыз генералы Ысхакбек Мониевдин урпактарынан болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: