Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков Баткен облусуна 3 млн.сом өлчөмүндө жардам көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Анын айтымында, бул каражаттын 2 миллиону аз камсыз болгон жана чыр-чатактан жабыркаган үй – бүлөлөргө, 1 млн.сому Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын эсебине которулат.
Нурбек Алимбеков азыр кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр –чатак зонасында жашаган калк чоң кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышкандарын белгиледи. ”Аларга жардам жана колдоо керек”,- деди депутат.
Эл өкүлү кыргызстандыктарды Баткен облусунун тургундарына колдон келген жардамдарын көрсөтүүгө чакырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ