Бишкек шаарында кыргыз — тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалыматтарды координациялаган, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты тарабынан башкарылган, 24 саат бою иштеген медиа штаб иштеп баштады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Медиа штабтын негизги максаты — ЖМКларды, коомчулукту жана дүйнөлүк коомчулукту такталган, бирдиктүү, ыкчам маалымат менен камсыздоо.
Керектүү маалыматтарды алуу үчүн күнү — түнү иш алып барган, мамлекеттик жооптуу органдардын өкүлдөрү тартылган медиа-штабга кайрылсаңар болот.
Медиа штабтын базасында журналисттердин, эксперттердин жана блогерлердин иши үчүн шарттар түзүлдү.
Медиа штабта мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана эксперттердин катышуусундагы маалымат жыйындары өткөрүлүп турат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ