Menu

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Эки тараптуу жана регионалдык кызматташуунун актуалдуу багыттары, анын ичинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуяларга байланыштуу маселелер талкууланды.

Тараптар биргелешкен аракеттердин натыйжасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал турукташып калганын канааттануу менен белгилешти.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев өлкөлөрдүн боордош элдеринин ортосундагы достукту жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо максатында учурдагы аймактык бардык көйгөйлөрдү конструктивдүү жана ишенимдүү диалог аркылуу чечүү ниетине бекем турушарын дагы бир жолу ырасташты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: