Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан дагы 2 кыргыз жараны каза болду. Курман болгондордун жалпы саны 33кө жетти. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Интернационал айылына тез жардам бригадасы жөнөтүлгөн.
“Жаңы эле эки эркектин сөөктөрүн алып келишти. Курман болгондор: 1966-жылы туулган жана 1991-жылы туулган жарандар. Ошондой эле, жарадар болгон адамдарды дагы жеткирип жатышат », – деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин чек арадагы ок атышуудан 154 адам жараат алып, алардын 31и каза болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ